Кыргызстанда сутка ичинде 140 адам коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) айыгып чыкты. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында – 13, Ош шаарында – 24, Чүй облусунда — 13, Ош облусунда – 41, Ысык-Көл облусунда – 8, Жалал-Абад облусунда – 21, Баткен облусунда – 20 бейтап коронавирустан айыкты.

Учурда Кыргызстанда коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) айыгып чыккандардын жалпы саны 44 миң 97 адамга жетти.