“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров “Азаттык” үналгысына курган маегинде президент Сооронбай Жээнбековду азыр кызматтан кетүүгө чакыргандар өлкөнү коркунучка кептей турганын билдирген. Ал мамлекет башчысы баарын мыйзам талаасына кайтарышы керектигин белгилеген.

“Саясатчылардан жападан жалгыз президентти тааныбаган Мадумаров болгон. Аны мен коргогум келбейт. Мага өлкө, эл, мамлекет керек. Ал мен тааныбаган президент. Бирок бүгүнкү кырдаалды ал кишиден башка эч ким жөнгө сала албайт. Ошондуктан, президентти үч күндө, беш күндө кетиши керек дегендер өлкөнү аябагандай коркунучка салууда. Орус саясатчылары бекеринен «мамлекеттүүлүгүн жоготуп алуу алдында» деп айткан жок”- дейт ал.