Аламүдүн районундагы атасы менен кызынын бычакталышына шектүү болгон жарандар кармалды . Бул тууралуу Чүй ОИИББдин Басма сөз кызматынан кабарлады.

Үстүбүздөгү жылдын 26-сентябрь күнү болжол менен саат 02:50 чамасында Аламүдүн районунун Төмөнкү Ала-Арча айылындагы үйлөрдүн бирине бет капчан белгисиз адамдар киришип, алар 62 жаштагы Т.Ж. аттуу үй ээси менен анын 26 жаштагы Т.А. аттуу кызын бычактап кетишкен. Алган жаракаттарынын улам 26 жаштагы кыз көз жумуп, ал эми атасы Бишкек шаарындагы ооруканалардын бирине жеткирилген. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 130-беренеси (Киши өлтурүү) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталганы тууралуу Чүй облусунун ИИББнын басма сөз кызматы   маалымдаган.

 Жогорудагы кылмыштын бетин ачуу үчүн ИИМдин, Чүй облусунун ИИББнын жана Аламүдүн РИИБдүн тажрыйбалуу кызматкерлеринен ыкчам тергөө тобу түзүлүп, тиешелүү жумуштарды жүргүзүшкөн. Жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-чараларынын натыйжасында ИИМдин, Чүй облусунун ИИББнын жана Аламүдүн РИИБдүн кызматкерлери тарабынан жогорудагы кылмышка шектүү жарандар кармалышты. Алар, 31 жаштагы Б.Ж., анын айдоочусу 28 жаштагы О.А. жана 31 жаштагы К.Ч. аттуу жарандар экендиги маалым болду. Алдын ала маалыматтар боюнча, каргашалуу окуя кызганычтан улам чыкканы белгилүү болду.

Белгилеп кетүүчү жагдай, ИИМдин, Чүй облусунун ИИББнын жана Аламүдүн РИИБдүн кызматкерлери тарабынан кылдаттык менен жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында кылмышка шектүү жарандар кармалышты. Учурда кармалган жарандар убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.