Ички миграцияны токтотуу максатында аймактарды өнүктүрүү саясатына өзгөчө басым жасадым. Бюджеттик жана өлкөнүн финансы институттарынын каражатын элетке бура алдык. Бул туралуу президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин “Ала-Арча” резиденциясында өтүп жаткан кезексиз жыйынында билдирди.

Анын айтымында, өлкөбүздүн экспорттук потенциалын көтөрүү максатында аймактардагы ишкерлер, өзгөчө кайра иштетүү тармагы сезилерлик каржылык колдоо алышты.

«Сот-укуктук реформасын ордунан жылдырдык. Коррупцияга каршы күрөш жүрдү. Көп жылдар бою талашка түшүп келген “Коопсуз шаар” долбоорун ордунан жылдырдык. Патрулдук милиция өлкө борборунда ишин баштап, Ош шаарында даярдалууда.
Мына ушул жана башка иштердин баары эң биринчи кезекте — ар бир жарандын жашоосун жакшыртуу максатында жасалды»,-деди Жээнбеков.