Индиянын Сатпати айылынын тургуну Нитин Патил эки баштуу акуланын баласын кармагандыгын “Hindustan Times” билдирди.

Таң калган балыкчы акуланы бир нече жолу сүрөткө тарткандан кийин кайра сууга коё берген.

«Биз буга чейин мындай нерсени көрө элекпиз. Бул чоң акуланын баласы болушу мүмкүн деп эсептейбиз. Мумбайдагы изилдөөчүлөр менен сүрөттөрдү бөлүштүк », — дейт ал.

Биолог Ахилештин айтымында, Индиянын жээк сууларында эки баштуу акулалар өтө сейрек кездешет. Сыягы, ал эмбрион же сары курч мурундуу акула же узун тумшук акула болгон. Эки түр тең тирүү жандыктар жана Махараштра сууларында кездешет.

Ушундай эле эки баштуу акула 1964-жылы Гуджарат штатында кармалса, 19 жыл мурун Карнатакада кармалганы маалымдалган.