Коом

Шаиста Шатманова «ЭлТР» телерадиокомпаниясына жетекчи болуп дайындалды

«ЭлТР» телерадиокомпаниясына жаңы жетекчи дайындалды, — деп билдирет өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү.

Маалыматка ылайык, «ЭлТР» мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын башкы директору Керимбек Калыкулов ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, анын ордуна Шаиста Шатманова дайындалды.

Тийиштүү буйруктарга Кыргыз Республикасынын премьер-министри Садыр Жапаров кол койгон.

Белгилей кетсек, Калыкулов Керимбек Акматалиевич «ЭлТР» телерадиокомпаниясынын башкы директору болуп 2020-жылдын январь айында дайындалган.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button