Сизден башка бирөө сиздин смартфонуңуздун камерасына кире турган дээрлик бирден-бир жагдай — бул аппараттын вирус программасын жуктурушу, деп билдирди Роскачество санариптик экспертиза борборунун башчысы Антон Куканов

Мындай учурда камера сүрөткө тартып жатканда, тыңчы смартфондун ээсин ушул сүрөттөр менен шантаж кылып көп суммадагы каражат өндүрүүсү мүмкүн. Андыктан өтө эле ачык кийим менен же төшөктө жаткан мезгилде сүрөткө түшүү кооптуу.


“ Тыңчы зыянсыз көрүнгөн тиркеме болушу мүмкүн (мисалы,  органайзер же фонарь). Мындай жөнөкөй тиркемелер, чындыгында жашыруун кооптуу программа болуп саналат. Ал, Инстаграм жана башка тиркемеде болбойт «, — деп белгилейт эксперт.

Мындай программалар расмий дүкөндөрдө деле кездешет, андыктан  колдонмонун рейтингин, анын сураган уруксаттарын кылдат карап чыгып, сын-пикирлерди окуп чыгуу керектигин эксперт эскертет.

“Вирустун алдын алуу же аны табуу үчүн, эгерде ал шайманга кирип кеткен болсо, анда телефондо ар дайым активдүү жана жаңыланып туруучу антивирусту сактап туруу сунушталат”, — дейт эксперт.