Бүгүн, 21-октябрда Жогорку Кеңеште айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри кызматына Тилек Токтогазиевдин талапкерлиги каралып жатат.

Анын талапкерлигин президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров сунуштаган.

«Мен бүгүн Садыр Жапаров менен жолугуштум. Ал мага министрдин ордун сунуштады, мен макул болдум. Эмне үчүн мен Садыр Жапаров менен иштешүүнү чечтим? Мага анын акыркы кадамдары жагып жатат. Ал биздин талаптарды канаттандыруу боюнча иштерди аткара баштады. Маселен, коррупция менен күрөшүү, Матраимовдун иши боюнча», — деди Тилек Токтогазиев.