Кыргыз орус келгенге чейин башын кесип алса да жалган айтпаган калк болгон. Анча-мынча жалганчылар болгон дечи эл болгондон кийин. Бирок жалганчылык азыркыдай улуттук деңгээлге эч качан чыккан эмес. Эмне болсо эле депутаттарга асыла калган кыргыздын бир баласы катары мен да эл өкүлдөрү жагынан кеп урайын.

Акыркы жылдарда эң жогорку мыйзам чыгаруу бийлигинде өңчөй байлар гана келе жатышат. Алмазбек Атамбаев 2015-жылы Жантөрө Сатыбалдиевге: «Мен СДПК партиясынын тизмесин өзүм түзүп жатам, конфетка список болот. Көрөсүң», — деген экен. Ошол конфетка списокко Атамбаевдин маалымат катчысы болуп жүргөн Жанар Акаев, «Таластан аз добуш алып келдиң, мандат бербейбиз деп койсо, 6 ай эле мандат бергилечи деп, чимкириги агып, бырылдап ыйлаган Рыскелди Момбеков, АШАнын ысык-суугунда жанында жүргөн Данияр Аттокуров, Мухтар Айнакулов деген кембагалдар, анан аялдык квота менен Строкова, Аида Касымалиева, Жылдыз Мусабекова, Айнуру Алтыбаева жана башкалар келип калганы болбосо, калганы бүт эле байлар болду.

Азыркы бийликте жүргөн байлардын эмне байлыгы бар экенин, эмне жумуш кылаарын, бала-чака, тууган- урук, куда-сөөк, экинчи катын, атүгүл, көңүлдөшүнө чейин эл билет. Бирок байлыгың кайсы деп сурап келсең, оозун кургак чөп менен аарчып, менин бизнесим жок, аялыма өткөрүп бергем, балама өткөрүп бергем деп жыртык чөнтөгүн көрсөтүшөт. Мамлекет үчүн иштеп жатам дешет. Чынында бизнесин балакеттей эле жүргүзүп, ошону менен эле убара.

Мисалы, Шаршенбек Абдыкеримов деген депутатты ант бергенде эле көрбөсөңөр, башка убакытта ит менен издеп да таппайсыңар. Премьер шайланаарда, парламентке Президент келээрде, иши кылып өздөрүнө пайдасы тиер иш болгондо эле парламентте пайда болушат андай депутаттар.

Золотой мандат деген феноменди жаратышкан кыргыз саясатчылары. Мурун 500 000 доллар турчу андай мандат. 500 дү партияга ыргытасың, болду, шайлоого да барбайсың, кийин өтүп келгенден кийин жыйынга да катышпайсың, мага десең беш жыл бою келбей койсоң да болот. Иши кылып, золотой депутатсың. Акыркы шайлоодо золотой мандаттын баасы 1 млн долларга чыкты деп жатышат.Ушунун баарынын түбүндө жалганчылык турат. Бар байлыгын жок деп жанын жешет азыркы депутаттар. Эл деп асмандан сүйлөшөт, бирок өздөрү мандатын пайдаланып, тендерлерден утканга, салыгын жашырганга, жеңилдик алганга маш. Мисалы, Кара-Кече көмүр кенин атасынан калгандай каалаганча сатып жаткан уялчаак депутат Камчыбек Жолдошбаев көмүр казган фирмаларын “Нарын” СЭЗге каттатып коюптур. Бир тыйын салык төлөбөйт экен.Негизи мындай байларды парламентке эл жолотпошу керек эле. Батышта капитал ээлери саясатчыларга, партияларга демөөрчү болуп, өздөрү саясат менен башын оорутушпайт. Лоббисттер институту катуу иштеп, бизнестин кызыкчылыгын ар кандай деңгээлдерде коргойт, алардын идея-сунуштарын парламентке түртөт.

Монархиялык мамлекеттерде, мисалы, Сауд Аравиясында, Оман султанатында бардык байлык падышанын, жана анын тууган-уруктарынын колунда. Салыгын, садака-зекетин элге жарыялап төлөп турушат. Кез-кезде мамлекеттик казынадан мамлекеттин бардык жарандарына акча таратышат. Ал падышалыктарда бийлик, байлык Кудайдан берилген аманат, ошол аманатты көздүн карегиндей сактоом керек деген баалуулук иштейт.Бизде болсо бийлик ээлеринин негизги баалуулугу жанын жеген жалганчылык болуп калды. Тендер талашмай, грант, кредит алмай, аткаруу, сот бийлигине тууган-урук, тааныш-билиштерин тыкмай… парламент депутаттары ушундай интригалар менен эле убара.Кийинки шайлоого деле байлар барчудай болуп калды.

Саясат менен бизнес богу-жини аралашып, дагы деле баягы баткактан чыкчудай эмеспиз. Азыркы доордун трагедиясы болгон жалганчылыктын арааны кайрадан башкача ачылчудай болуп турат.Өзү конфетка список тизип, анан кайра “чимкириктер” деген атка кондурган Атамбаевдин парламентинен тазараак, Жантөрө Сатыбалдиев “базаркомдордун парламенти” деп атаган азыркы Жогорку Кеңештен жакшыраак бийлик бутагын түзө алаар бекенбиз?..

Түзсө болот, бирок жалганчылык бийлеп турган жерде, акыйкат өлүп калчу эле…