Акыркы суткада Кыргызстанда дагы 596 адам жуктурганы аныкталып, үч бейтап каза тапты. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдирди.
Жаңы катталган учурлар:
Бишкек шаары – 136
Чүй – 89
Ош – 64
Талас – 39
Нарын – 7
Ысык-Көл – 35
Жалал-Абад – 91
Баткен – 112
Март айынан бери коронавирус жуктургандардын саны 58394 адамга жетти.
Ал эми акыркы суткада Жалал-Абад облусунан бирөө, Баткен облусунан экөө коронавирустан каза тапты.