ДССУ COVID-19 менен күрөшүү үчүн Кыргызстанга дагы бир гуманитардык жардамды өткөрүп берет. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалымтта айтылгандай, бүгүн Стамбулда өткөн Түрк Кеңешинин Саламаттыкты сактоо боюнча илимий кеңешинин жыйынынын алкагында саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун аймактык бюросунун башчысы Ханс Клюге менен жолугушту.

Жолугушууда тараптар ДССУнун регионалдык кеңсеси менен Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо жаатында кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Ханс Клюге ДССУ Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлигин ар дайым колдоого даяр экендигин белгиледи.

«Жакынкы аралыкта республикага дагы бир гуманитардык жардам партиясы жөнөтүлөт, анын курамына жүрөк мониторлору, өзгөчө кырдаалдарда жараларды дарылоо үчүн комплекттер, хирургиялык маскалар, кол каптар, PPE, коронавирус инфекциясын текшерүүгө керектелүүчү материалдар жана башкалар кирет. Жүк ташылып келе жатат жана жакынкы 10 күндүн ичинде ал Кыргыз Республикасында болот », — деп кошумчалады ал.