Күрөш боюнча дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова Польшанын борбору Варшавада өткөн эл аралык турнирде финалда таза жеңишке жетти.
Финалда Тыныбекова 62 килограммда россиялык Анжела Фоменко менен кармашып, атаандашын 10:0 эсебинде утту.
Эске салсак, Тыныбекова буга чейин россиялык Ульяна Тукуренова жана Африканын азыркы чемпиону Тунистен чыккан Марва Амрини жеңген.