Караңгыга шам… Көкүрөккө нур… Жүрөккө жарык… Тансык болуп турган, акир-чикир заманда, ак менен карасы машташып, заман коңултак тартып турганда… Мээбизге чагылган сайылгандай болду… Жалган дүйнөнүн мындан өтөөр Жалганы жок болсо керек… Каныбек Исаков… Оор жоготуу. Бул жоготуунун орду мындай адамды таппайбыз. Бүткүл табияты, адамдык жүрөгү менен билимге, агартуу га башын сайып койгон XXI кыламын Агартуучусу, билим реформатору, адамдык ыймандын Архитектору эле. Билимдин борбору жок, бирок билим каерде күчтүү болсо ошол жер Билимдин Борбору, Ордосу деген айныксыз Чындыкты далилдей алды эле. Адам бу дүйнөдө Өзүнүн Чындыгын Улуттук чындыкка айланта алыш керек…

Ал — Каныбек Исаков.

Чындыктын Түбөлүктүүлугу болуп узак сапар жол алды… Ал жол ар бирибиздин жүрөгүбүз аркылуу өтөт…

Каныбек Исаков…