Арсланбек Малиев жана Токтайым Үмөталиева президенттик шайлоого катышуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына арыз тапшырды. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматынан билдиришти. 

Токтайым Үмөталиева да Арсланбек Малиев да буга чейинки президенттик шайлоолордо талапкерлигин көрсөтүп келген.

 БШКга жалпы президенттик шайлоого катышуу үчүн 24 талапкерден арыз түштү.