2021-жылга республикалык бюджет кирешелер боюнча 163 миллиард 26 миллион сом, ал эми чыгашалар боюнча 170 миллиард 64 миллион сом көлөмдө бекитилүүдө. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тартыштык 7 миллиард сомдун тегерегинде болмокчу. Ал эми 2021-жылы капиталдык салымдарды каржылоого 3 миллиард сом каралууда.

«2021-жылдын республикалык бюджети жана 2022-2023-жылдарга карата божомолу тууралуу» мыйзам долбоорун талкуулаган парламенттик угуу өттү.

Ага Жогорку Кеңештин депутаттары, өкмөт мүчөлөрү, жергиликтүү кеңештин депутаттары, айыл өкмөт башчылары, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү жана эксперттер катышты.