Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова саясый партиялардын жаштар канатынын лидерлери жана жаштар уюмдарынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Бишкектеги ЕККУнун программалык офисиинин колдоосу менен өткөн бул жолугушуу “Жаштар жана шайлоолор. Келечек үчүн жоопкерчилик” деп аталды.

Боршайкомдун жетекчиси Н. Шайлдабекова Кыргызстандын жаңы шайлоо модели шайлоо процессинин ишенимдүүлүгүн жана максималдуу ачыктыгын камсыз кылаарын айтып берди.

«КР БШКсы республиканын шайлоо системасына демократиялык шайлоолордун стандарттарына, шайлоо укуктары менен эркиндиктерине шайкеш келген өркүндөтүүлөрдү системалуу түрдө киргизип келет. 2015-жылдагы парламенттик шайлоолордон кийин Кыргызстандын конституциялык мыйзамы аягына чейин иштелип чыккан, чет өлкөлөрдө жашаган жарандардын айрым категориялары, ден соолугу жактан чектелген адамдарга тиешелүү атайын чаралар каралган, аялдар жана жаштар үчүн маалыматтык-түшүндүрүү иштери кабыл алынган. Ошондой эле агитациялык кампания учурунда административдик ресурсту кыянаттык менен пайдаланууга жана шайлоочуларды сатып алуулар үчүн санкциялар катаалдандырылды. Азыркы учурда шайлоо алдындагы этап аяктап бара жатат, эртеңден тарта имараттан тышкары добуш берүү күнү башталат. Шайлоолорду уюштурууга каралган бардык комплекс ишке ашырылды, шайлоочулардын акыркы тизмеси түзүлдү, 24-сентябрдан тарта ал биздин сайтта илинип турат. Биометрикалык каттоо жана добуштарды автоматтык түрдө саноо фальсификациялоого жол бербейт”, — деди ал.

КР шайлоо системасына санариптик технологияларды киргизүүгө да көңүл бурулду.

“Шайлоолордун ачыктыгына, адилеттүүлүгүнө жана ишенимдүүлүгүнө жетишүү үчүн Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо процессине санариптик технологияларды максималдуу киргизип жатат. Шайлоочулардын тизмесин түзүү жана шайлоолорго катышуу биометрикалык каттоонун негизинде ишке ашырылып жатат, бул манипуляцияларды жок кылып шайлоочулардын тизмесинин аныктыгын камсыз кылат. Добуштардын жыйынтыгын эсептөө үчүн автоматтык түрдө эсептей турган урналар пайдаланылат. Тизме (https://tizme.gov.kg/) порталы иштелип чыгып, анда шайлоочулардын тизмеси облустардын, гендердик, жаш курагы боюнча, статистика менен берилип, ал шайлоо учурунда күндө жаңыртылып, шайлоолор арасында ай сайын жаңырып турат”, — деди Н. Шайлдабекова.

БШК жетекчиси жаштардын өлкөнүн туруктуу өнүгүшүндөгү ролу шайлоолордогу жоопкерчилик аркылуу көрүнөөрүн белгиледи.

 “Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, 2020-жылдын 24-сентябрына карата республикада 3 523 532 шайлоочу бар. Алардын ичинен 1 045 443 шайлоочунун жашы 18ден 28га чейин, 853 659 шайлоочу – 30дан 39 жашка чейин, 604 195 шайлоочу – 50 жашка чейин. 2017-жылдагы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо өлкө боюнча шайлоого катышуу 56,32 пайыз болуп, жаштардын катышуусу болгону 41,56 пайыз болгон. Башкача айтканда жаштардын активдүүлүгү улуу мундагыгыларга салыштырганда 15 пайызга аз болгон”, — деди ал.

Жолугушууга шайлоо технологияларынын тармагындагы эксперттер да катышты, МИМРД директору Исламбек Мурсабеков өлкөнүн өнүгүшүндөгү жаштардын ролу тууралуу айтып берсе, Ж. Баласагын атындагы университеттин доценти, социология илиминин кандидаты Сайкал Жунушева азыркы шарттагы улуттук коопсуздукту камсыздоонун бир фактору болгон жаштардын саясый маданияты тууралуу доклад жасады. Техникалык камсыздоо жана маалыматтардын коопсуздугу бөлүмүнүн эксперти Улан Мурзаев АСУ жана биометрикалык идентификация жөнүндө шайлоо күнүн модель катары алып айтып берди.

КР БШК Маалыматтык бөлүм