Мындай пикирин Манасчынын жубайы, продюсер, режиссер Ырыс Окенова Фейсбуктагы баракчасына жазды. Анын айтымында, Дөөлөт Сыдыков 3- муундагы Манасчы.

«Дөөлөт Сыдыковдун өнөрү кандан келаткан өнөр десек да болот. Дөөлөт 3-муундагы Манасчы. Дөөлөттүн өзүнүн атасы Сыдыков Качкын, чоң атасы Чымырбай уулу Сыдык дагы аймакка, Көл өрөөнүнө таанымал Манасчылардан болушкан. Атам, Улуу Ата Мекендик согуш жылдарынан кийинки жалпы элге келген оор күндөрдөн улам, атасынан дагы эрте ажырагандыктан өнөрдү багып алып кетүү мүмкүн эмес болгонун көп айтчу,- деп айтат Дөөлөт.

Бирок, Дөөлөт 12 жашында аян алып Манас айта баштаганда, кайын атам Дөөлөттүн жолун ачып, элден бата алып, уулунун Манасчы болушуна жан үрөп турчу экен. Бир киши келсе дагы Дөөлөттү отургузуп алып Манас айттырып, ошол кезде эле уулу менен сыймыктанчу экен. Кийинчерээк Дөөлөт «Мээрим», фондусу уюштурган жаш таланттардын кароо-сынактарына катышканда өзү жетелеп келип катыштырып кетчү экен.

Дөөлөт бир гана нерсеге өкүнөм деп көп айтат. Менин Манасчы болушума атам батасын берип, дайыма колдоп турчу эле, ушул күндөрү атам болсо гана,- деп күтүүсүз оорудан улам 63 жашында каза болгон кайын атамды дайыма эстейт . Ушул күндөрү атам арбагында бир козголуп алгандыр. Атанын уулу бүгүн элдин уулу болду, буюрса. Элдик уулдун амандыгын тилейбиз. Манасты даңазалап, дүйнөгө жайылтууга дем-күчү дагы да көбөйө берсин!”,- деген ал.