Баткен облусунда “Апаз Жайнаковдун чыгармачылыгы” аттуу жумагылы башталды

118

Кыргыз Республикасынын Эл артисти, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгеги сиңген ишмер, Баткен облусунун гимнинин автору, Апаз Жайнаковдун 60 жылдыгына карата 2020-жылдын 16-22-ноябрь күндөрү, Баткен облусунда “Апаз Жайнаковдун чыгармачылыгы” аттуу жумалык башталды.

Бул боюнча Эл артистинин ысмын алып жүргөн “Апаз Жайнаков” атындагы музыкалык драма театрынын жамааты демилге көтөрүп, аны жогорку деңгээлде уюштуруу боюнча, Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн буйругу чыккан.

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Чынара Саттарова бул боюнча “Апаз Жайнаков” атындагы музыкалык драма театрынын көркөм жетекчиси Курманбек Ниязбековду кабыл алып, бул иш чараны жогорку деңгээлде өткөрүү боюнча тапшырмаларды берди.

Чынара Саттарова өз сөзүндө таланттуу инсандын 60 жылдык мааракесине карата белгиленген иш чараларды, пандемияга байланыштуу өз деңгээлинде өткөрүүгө мүмкүнчүлүк болбогондуктан, пандемия шартында, болгон мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып, онлайн форматында иш чараларды уюштурууну тапшырды.

Жумалыктын алкагында массалык маалымат каражаттары, социалдык тармактар аркылуу Апаз Жайнаковдун чыгармаларын даңктоо, билим берүү мекемелеринде онлайн конференция, ондайн музыкалык иш чараларды уюштуруу белгиленген.

Ошондой эле Кыргыз Эл артисти Апаз Жайнаковдун чыгармаларын аткарган белгилүү чыгармачыл инсандардын катышуусунда онлайн концерттик программа уюштуруу пландалган.