Конституциянын жаңы редакциясын киргизүү жана референдумду белгилөө боюнча долбоордун авторлору Жогорку Кеңештин депутаттары болууда. Бул тууралуу ЖМКлардын бирине президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Нургазы Анаркулов билдирген.

“Алар эксперт жана юристтерди ишке тартып, Баш мыйзам боюнча өзүнүн вариантын даярдашты. Бирок документти парламенттин кароосуна киргизүү үчүн депутаттардын үчтөн экисинин колдоосу керек”, — деди ал.

Ал конституциялык кеңешме тууралуу айтып жатып, коомдук пикирди чогултуп, байкоо жүргүзгөн эксперттик топ түзүлөрүн билдирди.

“Баш мыйзамдын долбоору жакынкы күндөрү парламенттин расмий сайтына чыгарылат”, — деди ал.