Лейлек районундагы Исфана шаарында √48 жана Баткен шаарындагы √57 кесиптик-техникалык лицейлеринде АКЫСЫЗ «Өз бизнесиңди түптө» кесиптик өрнөктөрду үйрөнүү борбору иштеп баштады.
Бул борбордон жаштар жана кыз-келиндер бизнес-кеңешчилердин жардамы менен кесиптик чеберчиликтерин жогорулатуу, кесипти туура тандоого, ишкердүүлүктү баштоого багытталган окутуп үйрөтүүдөн АКЫСЫЗ пайдалансаңыздар болот.
Борбор Fair and Sustainable Development Solutions (FSDS) Коомдук Фондунун колдоосу менен «Баткен областындагы миграцияга дуушар болгон калктын аярлуу топторундагы атаандаштык жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн социалдык инновация» долбоору алкагында ачылды.