Коом

Ысык-Көл областтык милициясы өздөрүнүн кызматкерлерин ардактуу эс алууга узатышты

Ички иштер органдарынын өздүк курамынын турмушунда эсте кала турган окуялардын бири, милиция кызматкерлерин ардактуу эс алууга узатуу иш-чарасы болуп эсептелет. Жакында ушундай иш-чара Ысык-Көл областтык ички иштер башкармалыгында өтүп, ардактуу эс алууга милиция кызматына 30 жылдан ашык өз өмүрлөрүн беришкен, башкармалыктын финансы-чарба бөлүмүнүн башчысы Жеӊиш Түлөжановду, катчылыктын жетекчиси Темир Кожоевди жана жоруктарды тергөө бөлүмүнүн улук тергөөчүсү Артур Эрмеевди салтанаттуу узатышты.


Иш-чарада сөз алган Ысык-Көл ОИИБдин башчысы Улан Асанбаев, салтанаттын ээлерин кызуу куттуктап, аймактын милициясынын ишмердүүлүгүндө кошкон салымдарына жогорку баасын берди. «Биздин жаӊы ардагерлерибиздин принциптүүлүгү жана объективдүүлүгү, бул офицерлер менен өз учурунда бирге кызмат өтөп калган кесиптештерибиздин көпчүлүгү, азыр да белгилейт. Өздөрүнүн жогорку уюштуруучулук сапаттары жана жөндөмдүүлүгү, өз пикирине акырына чейин туруп, аны аягына чейин жеткирүү мүнөздөрү менен облусубуздун көптөгөн ички иштер бөлүмдөрүнүн өздүк курамдын сыйлоосуна жана кадыр-баркына жете алышты», — деди ал.


Жаӊыдан ардактуу эс алууга чыгышкан пенсионерлерди өздөрүнүн катарына кабыл алып жаткан облустук милициясынын ардагерлер Кеӊешинин төагасы Турусбек Ашымов, эми алардын турмушунда жаӊы баскычтар тургандыгын айтып, дал ушул ардагерлер милициянын кереметтүү салттарын сактоочулары болуп саналарын жана муундардын жолун улантуучулугун камсыз кыларын белгиледи. Учурда иштеп жаткан милиция кызматкерлеринин ардагерлер кеңештери менен тыгыз байланышта иш алып баруусуна көрүлүп жаткан ардагерлер кыймылына активдүү кошуулуга жана бул иш аракетке айрыкча көңүл бурууга чакырды.
Иш-чаранын акырында, салтанаттын ээлерине ыраазычылык каттар жана белектер тапшырылды. Өз учурунда, ардактуу эс алууга кетип жаткан ардагерлер милициянын жаш кызматкерлерине, бир мезгилде өздөрү колдонуп жүргөн милициянын аксессуарларын белек катары тапшырышып, аларга милиция кызматын татыктуу улантууну каалашты.

Ысык-Көл ОИИБдин Басма сөз кызматы

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button