Бүгүн УКМК “Чач” деген каймана аты бар кримавторитет кармалгандыгын билдирди. Кыска пресс релизде анын кылган ишинин чети гана жазылган. Ал ким жана кандай иштерге катыштыгы бар, бул макалабызда саресеп салып көрөлү деди.

“Чач” деген каймана атка ээ болгон адамдын толук аты жөнү Мурзахмедов Эрнис Мурзалиевич. Өзү Камчы Көлбаевдин криминалдык уюшкан кылмыштуу тобунун Жалал-Абад областы боюнча “смотрящийи”. Буга чейин анын кылыктары тууралуу далай арыз-даттануулар болгону менен, алардын бири да каралбай келген. Жада калса соцтармактарда «Чачты» ИИМ башчысы Улан Ниязбеков өзү корголоп, УКМК кызматкерлери эки ирет кармап келгенде, дал ушул У.Ниязбековдун кийлигишүүсү менен бошотулгандыгы дагы эл арасында айтылып келет.

Дал ушул фактынын айынан ИИМ башчысы менен УКМК төрагасы К.Ташиевдин тирешүүсү башталып кетти.

“ЧАЧ” деген ким өзү? Тирешүүнүн чоо-жайы кандай?

Анын атын укканда элдин жүрөгү түшүп калат. Анткени, канчалаган тагдырлар талкаланды. Канчалаган ишкерлер жабыркады. Акыры, элдик бийлик орноп, күнү бүткөнү турат.

БИРИНЧИ ЖАГДАЙ. 2020-жылдын 6-ноябрында Жалал-Абад областтык ички иштер башкармалыгына жеке ишкерден арыз түшкөн. Анда ал Эрнис Мурзахмедов (“Чач”) опузалап акча талап кылгандыгын белгилеген. Э.Мурзахмедов Орусиянын Саратов областынын Энгельск шаарынын тургуну, мурда А.Анапияевдин жакындарынын бири, учурда Көлбаевдин УКТсынын мүчөсү, “Кыргызнефтегаздын” жетекчиси Р.Бостонов менен жакын мамиледе экени белгилүү. Бул ишти тергөө максатында “Чач” Бишкектен кармалып, баш коргоо чарасын кароо үчүн Ошко алпарылган. Бирок, өйдө жактын тапшырмасына ылайык, соттон кое берилген.

ЭКИНЧИ ЖАГДАЙ. 16-ноябрда “Чачтын” үстүнөн катардагы жарандан МУККнын Жалал-Абад областтык башкармалыгына арыз түшкөн. Бул иш ИИМдин өзгөчө маанидеги иштерди тергөө бөлүмүнүн (СС МВД КР, Ош) улук тергөөчүсү, милициянын майору Т.Насиев тарабынан тергелип жаткан.

17-ноябрда Ошко күбө катары суракка арыз жазуучу К.Аканов чакырылган. Анын жүрүшүндө К.Аканов Э.Мурзахмедов (“Чач”) бир топ убакыттан бери үй-бүлөсүнө, жакындарына физикалык жактан күч колдонорун айтып, коркутуп келгенин айтып берген. Айрыкча, баласы, Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты К.Акановго аябай басым болгон.

Мындан тышкары, ушул жылдын 27-майында “Чач” өзүнүн балдары аркылуу улуу уулу С.Акановго кол салуу уюштуруп, ага ок тийип, ооруканага түшкөн. Арыз жазуучу Сузак районундагы Кара-Дарыя айылындагы бардык “разборкалардын” артында “Чач” тураарын, дайыма курал менен басып жүргөнүн көрсөткөн.

Күбөнү суракка алып бүткөндөн кийин тергөөчү Т.Насиев Ош областык прокуратурасынын тергөөгө көзөмөл жүргүзүү жана оперативдик-издөө ишмердүүлүгү боюнча прокурору Р.Шерипбаевге телефон чалып, “Чач” боюнча кийинки кадамдарды сураган. Шерипбаев “Чач” боюнча кандайдыр бир процессуалыдк чечим кабыл алганга болбостугун жана өз алдынча иш кылса жеке өзү жооптуу болорун катуу эскерткен. Ошондуктан, Т.Насиев коркуп, “Чачты” камакка алуудан баш тарткан.

УКМК тарабынан учурда “Кыргызнефтегаздын” башкармалыгынын төрагасы Рашид Бостонов боюнча тергөө жүрүп жатат. “Чач” ушулардын жакын адамы, “крышасы”. Алар биригип алып, өзгөчө Жалал-абад областында мыйзамсыз иштерди жасап, ишкерлерди коркутуп-үркүтүп, алардан “доля” алып турушкан. Чоң бизнесмендер аз келгенсип, жада калса тандырда нан жапкан наавайчыларды дагы коркутуп, алардан акча алып турушкан. Учурда “Чач” боюнча ишти УКМК прокуратура аркылуу өзүнө алды. Эми канчалаган жылдардан бери бул ишкананы жетектеп, уурдап-тоногону үчүн Бостоновдор жооп берет. Жалал-Абад областы боюнча “смотрящий” Эрнис Мурзахмедов Бостоновор менен катар мыйзам алдында жообун берет.

Муну бирге жалгыз гана “Чач” эмес, жалпы өлкөдөгү карапайым элдин тынчын алып, криминалдык авторитет жана уюшкан кылмыштуу топтордун баардыгынан тазалана турган учур келди. Ошол себептен учурда Камчыбек Ташиевге колдоо гана кылыш керек. Ошондо гана Кыргызстандын кайсы аймагы болобосун, криминалдык элементтер жок болот. Эң башкысы азыркыдай эрк жана аесуз күрөш керек эле, УКМК ИИМдин ишин кошо аткарышып, коомубузду криминалдык элементтерден арылта баштады.

Элдин талабын ишке ашыра баштаган Ташиевке рахмат.

“БИЙЛИК – ЭЛГЕ, УУРУЛАР – ТҮРМӨГӨ!”.