Кыргызстанда бир суткада коронавирус 378 адамдан табылып, 4 жаран каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте коронавирус 80 адамдан, Ош шаарында – 11, Чүй облусунда – 111, Ош облусунда – 45, Талас облусунда – 11, Нарын облусунда – 10, Ысык-Көл облусунда – 28, Жалал-Абад облусунда – 54, Баткен облусунда 28 кишиден табылган.

Ошол эле учурда 455 адам коронавирустан айыгып чыккан. “Бишкекте – 111, Ош шаарында – 13, Чүй облусунда – 68, Ош облусунда – 53, Талас облусунда – 32, Нарын облусунда – 13, Ысык-Көл облусунда – 63, Жалал-Абад облусунда – 56, Баткен облусунда 46 киши коронавирустан айыгып чыкты”, — деп билдирет штаб.