Нервди кантип сактоо керек? Нервиңизди сактаңыз! Бузулган нервдер — бул бардык оорулардын, начар көрүнгөн сырткы келбеттин уңгусу. Ал эми бузулбаган нерв системасы — сиздин чың ден соолугуңуздун кепилдиги.
Бүгүнкү замандын дээрлик ар бир адамы стресстик абалды башынан өткөрөт. Стресс ден соолукка олуттуу таасирин тийгизип коё элегинде анын алдын алуу зарыл. Кантип? Жолдорун алдыдан окуңуз.
1. Өзүңүздүн маанайыңызды көзөмөлгө алыңыз.
Мыкты маанай — эң маанилүү нерсе. Аны мүмкүн болушунча узакка сактаганга аракет кылыңыз. Бир нерсеге ачууңуз келген учурда өзүңүздү кармаңыз, ашыкча сүйлөбөңүз, онго чейин санаңыз.
2. Эч ким менен урушпаңыз.
Эч кимге тийишпеңиз, сизге башкалардын тийишүүсүнө да жол бербеңиз. Мындайды жакшы көргөндөрдөн айланып өтүңүз. Сиздин жиниңизге тийгендердин сөзүнө жооп кайтарбай эле койгонго аракет кылыңыз. Ага таарынуу — болгону нервиңизди болбогон нерсеге коротуу.
3. Баарын ичиңизге катпаңыз.
Таарынычтарды ичиңизге катпаңыз. Сизди тынчсыздандырып жаткан нерсенин баарын өз учурунда тиешелүү адамга айтып, чечишип алыңыздар. Убагында айтылбай калган сөз кийин сөзсүз түрдө карама-каршылыктарга жеткирет. Ушул нерсеге жол бербеңиз.
4. Көбүрөөк жылмайыңыз.
Күлкү — бул маанайды чагылдыруучу гана нерсе эмес, көнүгүү да болуп эсептелинет. Анткени, ал кан айланууну, тамак сиңирүүнү жакшыртат. Айлана-чөйрөңүздөгү адамдар сиздин жашооңузда чоң роль ойнойт. Андыктан, түнт, мүнөзү оор адамдардан алыс болуп, жашоону сүйгөн, шайыр, ачык көңүл адамдар менен дос болуңуз.
5. Дайыма иш менен алек болуңуз.
Жумушу бар адам — бактылуу адам. Анын бирөө менен урушканга, ушакташканга, кайгырууга убактысы болбойт. Иш менен алек болгон адамдын жашоосу кызыктуу, жаркын, окуяларга толтура болот.
6. Ашыкча сарсанага батпаңыз.
Сарсанаа болуу көп адамдарда адатка айланган. Бирок бул жаман адат, андан арылуу зарыл. Кыжаалат болгонуңуз эч нерсеге жардам бербейт, болгону ал сиздин күчүңүздү алат. Кандайдыр бир аракет жасоо керек болгондо күчүңүз жок калат. Кайгы — көп оорулардын булагы.
Булак: oilon.kg