Көк дептер
Бирөөлөр нан таппай жүргөн сыяктуу бирөөлөр жер таппай, өзүнө Мекен таппай жүрөт!
30 жыл болду. Азаттык келди. Акыйкаттык келе элек.
Дайыма ушундай – ыңкылап, төңкөрүш зарыл болуп туруп алат. Анткени элге андан башка тандоону калтырышпайт, бийлик, анан эл аны ишке ашырат, эки саат сүйүнөбүз бирок ыңкылаптын эртеси эч качан жүрөк толо кубаныч болбойт, болгон эмес, анткени биздин революциялар дайыма эрежесиз жасалат, биригип бир “душманды” жеңишет да ошол күнү жик-жикке, кланына, табакташына шыбырашканы тарап кетишет. Баягы эле өрттөнгөн Ак үй, бели ооруган, уятынан араң кыргызды көтөргөн биздин аянт менен эл калат. Эл издеген акыйкат — кечээки ыргытылган таш болуп, тамган кан, таштанды болуп бут алдыда калат тебеленип. Анткени биздин революциялардын автору болгон эмес, ошол үчүн бир туунун астына жумурай журт гүл көтөрүп, калпагын булгалап сүйүнүп келбейт. Албетте, ыңкылаптын ээси, аны ишке ашырган – эл бирок алар чогула турган Туу жок. Эртеси бириккенге туу таппай калат. Баардык катачылыктын түйүнү ушул жерде. Анткени дал ошол учурда кайсы бир шылуундары, акчалуусу, булчуңу чоңу бир амал табат. Катачылык да ушул жерде, анткени, кечээ эле чууну баштап келаткан лидерлер дагы эле бириге албай, дагы эле эсине келе албай, кырдаалды түшүнө албай, көрөгөчтүк кыла албай, чечкиндүү, эрктүү боло албай, эң жаманы тил табыша албай, ырк түзө албай убара болуп көшөгө артында бугуп жатышкан болот. Бизге эми мындай төлгө, жапайы, тобокел кырдаалдын кереги жок. Кыргыз жолун өзгөртүүсү керек. Бийлик – ЭЛ десин, Эл – Мыйзам десин. Кыргыз — көйгөйүн төңкөрүштөн эмес төш тийгизип, төгөрөк чийген ынтымактан издесин. Башка жол жок.
Кыргыз революциясы биз үчүн мактанычпы же биздин көкөй кестибизби? Көкөй кестибиз! Анткени биз чыныгы революция жасай элекпиз. Биз башчыны кууп чыкканды жакшы билебиз. Эртеси эмне кылышты түк билбейбиз, а тургай түшүнбөйбүз. Мунун эмнеси революция!?
Бүгүнкүдөй маанай менен президенттик шайлоону өткөрбөйлү. Анткени булар атаандашпай эле бир-бирине аң казып жатышат. Тараптар жок дегенде эки кадам бир-бирине жакындашсын. Биздин мамлекеттин мындан башка төңкөрүшкө иммунитети жок. Ал калбай калды. Ал соолуп калбасын. Урап түшпөсүн!
Мурда саясатты кол менен, сөз менен, иш менен жасашчу эле, азыр аны түз эле баса калып зордукташчу болду.
Адамдын көзү, башы, жүрөгү бар болгондой Мекендин асманы, Мекендин топурагы, Мекендин абасы болот.
Көп жашоонун (өмүрдүн) өтүп кеткени мага сабак болгон жок, жашоо өтпөй калганы сабак болду.
Башкарганды билген мамлекет элди тойгузганды билсин.
Мурда “урдум саясатыңды!” деп улуу иштерге качып кетсе болоор эле… азыр анте албайсың. Анткени саясат менен ойногондор биз жашаган мамлекетти жардан ары түрткөн турушат. Биз баарыбыз сак бололу. Кимге эмне керек… а ЭЛге Мекен керек!
Саясатта ар кандай көз караштар болот. Адамдар бир жерден дал келсе башка жеринен эки ача айрылышат. Бирок баарысы караңгылыкка, жексурлукка келгенде биригип, бир тарапта болушу керек.
Тарыхта калыш үчүн, элге кызмат кылыш үчүн улуу иштер толуп атат… Тактыга жабышпачы!
Камалса кайдыгер карабаган эл — байлык. Азапта калса боор ачыган эл — байлык. Калыссызга агылып чыккан эл — байлык. Баатыр чыкса бапестеп турган эл — байлык. Саткындыкка кыр көргөзгөн эл — байлык. Мунун баарын барктабаган падыша карып, ажо менен хан карып.
Келечек бүдөмүкпү..? Ылайым жол башчылар өкүнсүң, эл өкүнбөсүн! Алар бармак тиштесин, эл карып тиштебесин. Демек, элди ала чуркабагыла, өз саясатыңар үчүн элди кошпогула, элди адаштырбагыла. Башчылар өтчү… эл калчу дайым!
Биз бүгүн огу түгөнгөн жоокердей,
Биз бүгүн лидери түгөнгөн элдей болдук…
Өмүр келгин куш эмес. Бир эле келет, бир эле кетет…
Биз үй бүлөбүздүн, мекендин анан да жылт деп учкан бакыттын сакчысыбыз, кармап кал, уктап калбай!
Жылт деп жылдыз учкан менен, жылт этип мезгил жылган менен алар түгөнүп бүтпөйт экен, биз түгөнөт экенбиз, тууган.
Эгерде сен түс болсоң – эң ачыгы бол, сан болсоң эң көбү бол, эркек болсоң күчтүүсү бол, аял болсоң боорукери, даанышманы бол, тоо болсоң чокусу бол, деңиз болсоң толкуну бол, акын болсоң жүрөктү жарган эң акыркы сабы бол! А эгер сен өлгөн болсоң ал жактын коногу бол, кайра бизге кайрылып келе турган…
Жеңишбек Эдигеев, журналист