Коом

Айсулуу Тыныбекова баштаган Кыргызстандын балбан кыздары күрөш боюнча Дүйнө кубогуна катышат

Кыргызстандын кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча улуттук курамасы Дүйнө кубогуна катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Мелдеш 12-18-декабрь күндөрү Белград шаарында (Сербия) өтөт.

«Эл аралык лицензиялык мелдештерге даярдануу үчүн Кыргызстандын күрөш боюнча кыз-келиндер курамасынын мүчөлөрү 26-ноябрдан 12-декабрга чейин Стамбул шаарында (Түркия) машыгуу өткөрүшөт», — деп билдирет агенттик.

Дүйнө кубогуна катыша турган балбан кыздар:

1. Айсулуу Тыныбекова – 62 кг;

2. Айпери Медет кызы – 76 кг;

3. Мээрим Жуманазарова – 68 кг;

4. Нураида Анаркулова – 57 кг;

5. Назира Марсбек кызы – 59 кг;

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button