Жогорку Кеңеш жаңы ноутбуктарды сатып алууга 6 667 825 сом сарптоону пландап жатат. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталы маалымдайт.

Анын айтымында, парламенттин иш башкармалыгы тендер жарыялаган. Жалпысынан 143 ноутбук, анын ичинен 135и конференц-зал үчүн (5 миллион 909 миң 625 сомго) сатып алуу пландалып жатканы белгиленди.

Мындан тышкары, парламент 12 LED мониторду 71 400 сомго сатып алууну каалайт.

Сатылып алынгчу оргтехникалардын тизмесине 54 персоналдык компьютер жана 47 принтер кирди. Жалпысынан аларды сатып алууга 2 миллион 893 миң 940 сом бөлүнгөн.

Белгилей кетсек, 5-октябрдан 6-октярга караган түнү Бишкектеги башаламандык учурунда Ак үйдүн имараты талкаланып, кээ бир бөлмөлөрү өрттөнгөн.