Коом

Telegram мессенджеринде адамдар топ болуп сүйлөшө турчу чалуулар пайда болот

Telegram мессенджеринде бир нече адам, башкача айтканда, топ болуп сүйлөшө турчу чалуулар пайда болот. Бул тууралуу Telegram Info кабарлады.
Функция Android тиркемесинин сынамык версиясында иштеп баштады. Топтук чалууну администратор уюштура алат. Чалуунун эки түрү бар: биринчисинде бардыгы сүйлөй алышат, экинчисинде — админ гана. Кызмат Voice chat деп аталат.
Буга чейин үч ай мурда Telegram видеочалууну кошкон. Анда түзүүчүлөр функцияны ар тараптуу кылууну, анын ичинде топтук чалууну кошууну убада кылышкан.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button