Коом

Баткенде дайынсыз болуп жаткан 6 балалуу энени издөө иштери уланууда

2020-жылдын 23-ноябрынан бери дайынсыз болуп жаткан Баткен шаарынын Кызыл-Жол кварталынын 45 жаштагы тургуну Аймактым Кожонованын туугандары, Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жаныбек Жалаловго, издөө иштерине көмөк көрсөтүүсүн суранып кайрылышты.
Ыйгарым укуктуу өкүл, учурда бардык тийиштүү органдар издөө иштерин жүргүзүп жатканын, Кыргызстандын бардык аймактарына жана кошуна Тажикстан менен Өзбекстан республикаларына да издөө жүрүп жаткандыгы боюнча маалымат каты берилгенин айтты.
Жаныбек Жалалов А.Кожонованын издөө иштерин жеке көзөмөлүнө алгандыгын айтып, бул багытта укук коргоо органдарын күчөтүлгөн тартипте издөө жүргүзүүсүн тапшырды.
Издөө жарыяланган Аймактым Кожонованын 6 баласы бар.
Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button