Бүгүн, 1-декабрда Чүй облусунун феремерлери Айыл чарба министрлигине келип, өкмөттүн экспортко тыюу салган токтомун жокко чыгарууну талап кылышты.

Фермерлердин айтымында, бийлик алардын ишине тоскоолдук кылат жана бул айыл чарба тармагынын кыйроосуна алып келет.

Алар өкмөттөн мындай чечимдерди кабыл алуудан мурун тармактын адистери менен кеңешүүнү суранышат.

Дыйкандар эртең бийлик тыюу салууну жойбосо, анда алар митингге чыгарын эскертишти.

Белгилей кетсек, Айыл чарба министрлиги айыл чарба продукцияларынын айрым түрлөрүн экспорттоого (экспорттоого) тыюу салууну сунуш кылган.

Булак: Кыргызтудей сайты