Бүгүн, 2-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Алмазбек Атамбаевге байланышкан сот отуруму белгиленген. Отурумдун башталышын күткөн бир топ адам чогулуп турат.

Милиция кызматкерлери менен күзөтчүлөр сот залына сотко катышуучуларды, алардын жакындарын гана киргизип жатат. Ал эми тарапташтары менен журналисттерди сыртта күтүп турууга чакырышты.

Отурумга судья Азирет Медеров төрагалык кылат.

Буга чейин судьялар бир өндүрүштөгү 3 кылмыш ишти караган. А.Атамбаев Кой-Таш айылында жер тилкесине мыйзамсыз ээ болгон, мыйзамсыз байыган жана 7-8-августта Кой-Ташта болгон баш аламандыктарга күнөөлүү деп айыпталган болчу.