Коом

Бишкек мэриясы акча чогултуп жүргөн алдамчылардан сак болууга чакырды

Бишкек мэриясынын маалымат кызматы өзүн мэриянын кызматкеримин деп тааныштырып, акча чогултуп жүргөн алдамчылардан сак болууга чакырды.

Маалыматка  караганда, муниципалитетке алдамчылардын «торуна түшүп калган» бир нече адам кайрылган.

Аларга социалдык тармак жана мессенджерлер аркылуу өздөрүн мэриянын кызматкерлери, жетекчилербиз деп тааныштырган адамдар жазып, ар кандай шылтоо менен (гуманитардык жардам, техника алуу) акча которуп коюуну өтүнүшкөн.

«Мэрия мындай жол менен акча чогултпайт жана чогулткан эмес. Муниципалитеттин бир дагы кызматкери минтип билдирүү жазбайт, алар мыйзамдын негизинде гана иштейт»,— деп жазылган билдирмеде.

Бишкек мэриясынын маалымат кызматы мындай билдирүүлөрдү расмий булактардан тактап алып турууну эскертип, кимдир бирөөдөн ушул өңүттө билдирүү келсе милицияга, 102 номерине чалууну өтүндү.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button