Күн сайын 1000 тонна нефть Баткен облусундагы 237 скважинадан тонна нефть сырьёсу мыйзамсыз түрдө кошуна мамлекеттерге чыгууда. Бул тууралуу маалыматты интернет колдонуучу Ак-Турпак айылынын тургунунун маалыматына таянып, видеого тартып, социалдык баракчаларга тараткан.
Маалыматка ылайык, Баткен жана Кадамжай райондорунун ортосунда күнүнө 1000 тонна нефть сырьёсун алуучу 237 нефть скважинасы бар өрөөн бар.
Бирок, бардык продукция жер астындагы түтүктөр аркылуу Тажикстан жана Өзбекстанга өтүп жатат.
Видеонун автору бул өрөөн расмий түрдө Ак-Турпак айыл аймагына карайт деп ырастайт, бирок бюджетке мындан эч нерсе түшпөйт. Анын үстүнө, ал ушул коррупциялык ишке Айылчы Төрөлиев аттуу айыл өкмөт башчысынын тиешеси бар экендигин айтты. Алардын бардыгын мурдагы вице-премьер-министрлер Жеңиш Разаков менен Акрам Мадумаров «коргоп» жатышканын айткан.
Белгилей кетсек, ушул жылдын башында Жеңиш Разаков электр блогу жана чек ара маселелери боюнча вице-премьер-министр кызматынан кеткен. Анткени чиновникке ар тараптан сын-пикирлер айтыла баштады. Ал тургай, аны тыңчылык кылган деп айыпташты, бирок анын сөзүн угуп, премьер-министр менен президент чара көрөт деп эч ким үмүт кылган жок.
Акрам Мадумаров 2013-жылы Баткен облусунун Кадамжай районунун акими болгон. 2019-жылдын 1-апрелинде өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган. Ошол убактагы кооптуу аймакта 14 кө жакын чек ара жаңжалдары болгон.
Соц тармактарда талкуу болуп жаткан бул маалыматка тиешелүү эл өкүлдөрү үн ката элек.
Булак: Баткен деми