Кыргызстанга COVID илдетине каршы вакцинаны калктын 20 пайызына жете тургандай көлөмдө бөлүп берүү пландалууда. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымына караганда, Кыргызстанда эмдөө жүргүзүү боюнча атайын жумушчу топ иштеп жатат. Сентябрь айында өлкө COVID-19га (COVAX) каршы вакцина менен камсыздоо боюнча глобалдык механизмге кошулган.

«Вакциналардын атайын портфели бар, алардын сегиз түрү каралып жатат. Учурда үчүнчү жана төртүнчү этаптан эки вакцина — Moderna жана Pfiser өтүүдө. 90дон ашык мамлекет катышкан механизмдин алкагында Кыргызстанга калктын 20 пайызына жете турчу вакцина берилери айтылды», — деди Акматова.

Ал ошондой эле КРдин иммунизация боюнча илимий-техникалык тобу Россия, Түркия, Кытай жана башка мамлекеттерде чыгарылып жаткан вакциналарга байкоо салып жатканын кошумчалады.