“Кыргыз элим” сурамжылоосу: катышуучулардын 62% ашууну Садыр Жапаровду колдошот
Кыргызстандагы президенттик шайлоого бир ай калды. Өлкө башчылыкка ат салышууга 20 адам катталды.
Россиядагы кыргыз диаспорасынын “Кыргыз Элим” көз карандысыз порталы окурмандарынын арасында 30-ноябрдан 7-декабрга чейин шайлоо кийинки жекшембиде өтсө, кайсы талапкерге добуш берерин билүү үчүн сурамжылоо жүргүздү.
Садыр Жапаров добуш берүүнүн талашсыз лидери болуп калды – сурамжылоого катышкандардын 62% ашууну аны колдошту.
“Мен добуш берүүгө барбайм” деген жооп экинчи орунда – аны сурамжылоого катышкандардын 14,9% тандаган. Ал эми 5% “башка талапкерге” добуш беребиз дешкен, 4,5% баарына каршы добуш беришкен.
Президенттикке талапкерлердин ичинен Адахан Мадумаров (3%), Абдил Сегизбаев (2,7%) жана Клара Сооронкулова (2,4%) болду. Калган талапкерлер 1,5% дан аз добуш алышты.
Басылма сурамжылоого 638 адам катышкандыгын билдирди.
“Кыргыз Элим” порталы 2020-жылы ишин баштаган. Ал Россияда жашаган кыргыз жарандарына өз мекениндеги окуялар жөнүндө маалымат берүүгө багытталган. Макалалар, маалыматтар кыргыз жана орус тилдеринде жарыяланат.
Булак: [email protected].