Кыргыз Республикасынын Телевидение жана радионун кызматкерлеринин кесиптик майрам катары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Токтому менен 1995-жылы 23-декабрында бекитилген. Ал эми 1958-жылы Кыргыз телевидениесинде биринчи программа эфирге чыккандыктан кийин 8-декабрь майрамдык күн катары белгиленип калган.


Кыргыз Республикасынын радио жана телевидение кызматкерлеринин күнүнө карата Ички иштер министрлиги “Сыйлоо жөнүндө” буйрук чыгарып, республика боюнча радио жана телевидениенин 100 өкүлүн сыйлады.


Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги бүгүнкү кесиптик майрамдын ээлерин чын жүрөктөн куттуктайт! Кыргыз телевидениеси менен радиосу биздин улуттук маданияттын бир бөлүгү болуп калган өзүнүн тарыхына ээ. Бүгүнкү күндө сиздерсиз жашообузду элестетүү кыйын. Сиздердин кесиптик майрамдарыңызга карата чыгармачыл ийгиликтерди, ден соолукту жана үй-бүлөңүздөргө бейкуттукту каалап кетмекчибиз.

ИИМдин Басма сөз кызматы