Бүгүнкү күндө Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын жетекчилиги тарабынан Алмазбек Атамбаевди №47 колониядан УКМКнын тергөө абагына которуу аракеттери жүрүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 9-декабрда Атамбаевдин адвокаты билдирди.

Анын айтымында, Атамбаев УКМКнын убактылуу кармоочу жайында жатканда ден соолугу өтө начарлап кеткен, ал абактын шарттарына калыштырмалуу №47 колониянын шарттары жакшыраак.

“Биз негизи Алмазбек Атамбаевди үй камагына чыгарууну талап кылып жатабыз. Бирок бүгүнкү күнгө чейин аткарылбай келет. Эмне себептен УКМКнын абагына которууну каалап жатышат. 7-декабрда Азиз Батукаевдин иши райондук сотко өткөрүлүп берилди, судья Термечиков мындан ары Атамбаевди УКМКнын убактылуу кармоочу жайына кармоону чечти. Атамбаев сот процесстерине тоскоолдук келтирбегендиктен,  аны УКМКнын абагында кармоого эч кандай негиз жок” – деди адвокат.

Булак: Кыргызтудей