Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер Артем Новиков Баткен облусуна жумушчу сапарынын алкагында пландаштырылган графиктен тышкары «Кызыл-Бел–Автожол» жана «Кайрагач–Автожол» өткөрүү пунктуларынын иши менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты.

Аталган өткөрүү пунктуларын көрүүдө инспекциялык текшерүү комплексинин жана видеокөзөмөл тутумунун ишиндеги айрым кемчиликтер аныкталган.

Натыйжада премьер-министрдин милдетин аткаруучу Бажы кызматынын төрагасы Кадыржан Семетеевге ыкчам топ түзүп, аталган өткөрүү пунктуларын толук текшерүү жүргүзүү үчүн жөнөтүү тапшырмасын берген.