Бүгүн, 10-декабрда Жогорку Кеңештин, «Ар түрдүү маселелер» жыйынында вице-спикер Мирлан Бакиров АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лунун Кыргызстандын ички саясатына жасаган аракети боюнча пикирин билдирди.

— “АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу мамлекеттин ички иштерине аралашып, сот жана тергөө иштерин бир таасир эте турган билдирүү жасап жатат. Ал боюнча Кыргызстандын Тышкы иштер министри үстүртөн жообун берди. Элчинин пикири мамлекеттин билдирүүсү катары бааланат. Дипломаттарга тиешелүү мыйзамдар бар. Ал эми “Мекеним Кыргызстан” саясий партиясы тууралуу айтып, ал кайдан-жайдан пайда боло калган деп айтты. Бул партия 2015-жылы 2-ноябрда каттоодон өткөн. Шаардык кеңештерге катышып, шайлоодо жеңишке жетип, ийгилик жаратып келет. Ал эми анын татыктуу котормочусу жок окшойт. Форма-2 боюнча дагы оюн жазыптыр. Мындан ары дагы дипломатиялык мыйзамдарды, келишимдерди сактоосуна сунуш берем. 700 миллион доллар боюнча депутаттык комиссияга дагы шек келтирип жатат. Депутаттык комиссия изилдеп чыкты. Андыктан Кыргызстандын ички саясатына, иштери кийлигишип, аралашуусуна жол бербейли”, — деди Бакиров Жогорку Кеңештин жыйынында.

Эске сала кетсек, 5-декабрда АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональ Лу Кыргызстандын ички саясатына 3-жолу пикирин айтып, ызы-чууга «жем» таштаган.

Булак: NazarNews.kg