Коом

Кыргызстанда тигүү тармагындагы продукциянын сатылышы 50% төмөндөдү

Кыргызстанда тигүүчүлүк тармагындагы продукциялардын сатылышы 50% төмөндөдү. 30% ашуун чийки зат өлкөгө кирбей турат,  өндүрүштөгү жумуштун көлөмү 45% түзүүдө, 50% ашуун товар складда турат. Бул тууралуу GTEX программасынын байкоочу комитетинде «Легпром» Бирикмесинин президенти Сапарбек Асанов билдирди.

Анын айтымында, пандемия тигүү тармагына эбегейсиз терс таасирин тийгизди. Тогуз ай ичинде экспорттун көлөмү, өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 49% төмөндөгөн. Андан сырткары, өндүрүштүн көлөмү өткөн жылдын ушул эле мезгилине салытырмалуу 47% төмөндөгөн.

«Биз тез арада мыйзамдык базаны оптималдаштырып, кызмат көрсөтүүлөргө санариптештирүүнү киргизүү абзел», — деп айтты ал.

Булак: Акчабар сайты

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button