Гавайдын Мауи аралында акуланын чабуулунан бир адам каза болду. Бул тууралуу Maui Now сайты билдирет.

Окуя шейшемби күнү, 8-декабрда, Maui Pro профессионалдык серферлер боюнча мелдеш башталаардан бир нече саат мурун болгон. Жырткыч балык жээктен 20 метр аралыкта серфинг устундо сүзүп жүргөн 56 жаштагы кишиге кол салган. Акуланын көлөмүн анын тагында калган 40 сантиметрлик тиштердин изи менен баалоого болот, деп жазат Daily Mail.

Жабырлануучу аман калып, суудан чыгууга үлгүргөн. Maui Pro компаниясынын коопсуздук кызматкерлери ага медициналык кызматкерлер келгенге чейин биринчи медициналык жардам көрсөткөн. Жабырлануучу ооруканага жеткирилип, тезинен операция жасалды. Операциядан кийин анын абалы туруктуу болуп, бирок кийин начарлай баштаган. 9-декабрь, шаршемби күнү ал көз жумду.

Акула чабуулунан кийин, анын тегерегиндеги пляждар жабылып, мелдеш жылдырылган.