Бүгүн, 12-декабрда Бишкектеги «Ала-Тоо» аянтында митингдерге каршы митинг өттү.
«Убакыт-Время» коомдук бирикмесинин өкүлү, Марат Мамралиевдин айтымында, акцияга «ЦИМ» жана «Спартак» коомдук бирикмелери келген.
«5-6 адам биригип, митингге чыгып, кимдир бирөөнүн же кандайдыр бир уюмдардын кызыкчылыгын коргоп жатышат. Биз мындай митингдерди токтотушубуз керек», — деди Мамралиев.
Ошондой эле, Мамралиев чогулгандардын атынан мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаевге кайрылуу жасады.
«Балбак Зарлыкович, жарандарга митинг өткөрүү үчүн административдик имарат бөлүп бериңиз», — деди ал.
Мамралиев билдиргендей, акциядан кийин алар Чыңгыз Айтматовдун айкелине барып, жазуучунун туулган күнүн эскеришет.