Кыргызстанда бир суткада коронавирус 318 адамдан табылып, 5 бейтап каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Жаңы учурлар:
Бишкекте – 126,
Ош шаарында – 4,
Чүй облусунда – 79,
Ош облусунда – 6,
Талас облусунда – 4,
Нарын облусунда – 12,
Ысык-Көл облусунда – 46,
Жалал-Абад облусунда – 25,
Баткен облусунда 16 кишиден табылган.
Ошол эле учурда 258 адам коронавирустан айыгып чыккан.
“Бишкекте – 96, Ош шаарында – 29, Чүй облусунда – 56, Ош облусунда – 24, Талас облусунда – 3, Нарын облусунда – 4, Ысык-Көл облусунда – 13, Жалал-Абад облусунда – 18, Баткен облусунда 15 киши коронавирустан айыгып чыкты”, — деп билдирет штаб.
Акыркы күн ичинде COVID-19 илдетинен 5 адам каза болгон: Бишкекте – 1, Ош облусунда – 2, Баткен облусунда – 2 киши. Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 2 миң 87 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 951 бейтап дарыланууда.