Коом

УКМК: «Кыргыз темир жолу» ишканасындагы 11 миллион сомдук коррупциялык схема аныкталды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Коррупцияга каршы кызматы тарабынан «Кыргыз темир жолу «улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасынын Түштүк бөлүмүнүн мамлекеттик сатып алууларды өткөрүүдө жана жүргүзүүдөгү кезектеги коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлады.
Маалыматка ылайык, мамлекеттик ишкананын Түштүк филиалынын мурдагы башчысы темир жол тармагын өнүктүрүүнүн кызыкчылыктарына каршы келген мыйзамсыз иш-аракеттеринин натыйжасында, жеке мамлекеттик сатып алуулар үчүн келтирилген чыгымдын суммасы 11 миллион сомдон ашкан.
14-декабрда көрсөтүлгөн сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесинин негизинде ишкананын бөлүм башчысы кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө уланууда.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button