Кыргызстан менен Өзбекстандын делегациялары мамлекеттик чек араны делимитациялоо боюнча ишти активдештирүүнү макулдашты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын биргелешкен отуруму болуп өткөн.

Тараптар коронавирус пандемиясынын айынан жайлап калган ишти жандандыруу зарылдыгын белгилешкен.

«Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча кеңири пикир алмашуу болду. Анын ичинде мамлекеттик чек аранын долбоордук линиясынын сүрөттөө боюнча топографиялык жумушчу топтордун алдыдагы иштери, ошондой эле ал жактагы жашоочулардын коопсуздугун камсыз кылуу маселелери талкууланды», — деп айтылат маалыматта.

Делегация башчылары топографиялык жумушчу топтордун эки тараптуу сүйлөшүүлөрүн жандандыруу жана калган аймактардагы долбоордук линияны сүрөттөө боюнча ишти улантууну макулдашышкан.

Жыйынтыктоочу протоколго кол коюлуп, кийинки жолугушууну коңшу өлкөнүн аймагында өткөрмөй болушкан.

Кыргыз делегациясын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев, өзбек тарапты премьер-министрдин кеңешчиси (премьер-министрдин рангында) Мехриддин Хайриддинов жетектеди.