Ош облусунун Ноокат районунда 6 жаштагы кызды зордуктаган жаран өмүр бою эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Жогорку соттун расмий сайтына жарыяланды.

Окуя ушул жылдын 5-август күнү болгон. Анда Ноокат районунун Кашкалдак айылынын тургуну 1989-жылы тургуну мас абалда короодо ойноп жүргөн 6 жашар кызды үйдө эч ким жок учурдан пайдаланып, бакка алып барып зордуктаган.

Айыпталуучу күнөөсүн моюнуна албай…

Соттук отурумда айыпталуучу күнөөсүн моюнуна алган эмес. Анын айтымында 4-август күнү саат 11:00 чамасында аталган райондун Атамерек айылындагы үйүнөн чыгып, базарга барып ичимдик ичкен. Андан кийин мурдагы таанышынын үйүнө барып, ойноп жаткан балдардын арасында таанышынын кызы дагы ойноп жүргөн. Аны башка бир таанышынын үйүнө жеткирип коюну айткан. Экөө кетип бара жатканда кыз жыгылып, аны тургузууга аракет жасап жатканда кыздын чоң атасы келип калып, башка таш менен чаап, милиция кызматкерлерин чакыртышкан. Окуя болгон жердеги кандар анын башынан чыккан кандар экенин айтып, көрсөтмө берген.

 

Кыздын ата-энеси Орусияда иштеп жүрүшкөн

6 жашар кыздын ата-энеси турмуш шартына байланыштуу февраль айында Орусияга иштегени кетишкен. Ошондуктан чоң атасы мыйзамдуу өкүлү болгон. Окуя болгон күнү чоң ата чоң апа Ноокат шаарындагы базарга келишкен. Ошол учурда аларга кошунасы телефон чалып, небереси үйдө жок экенин айткан. Ошол замат үйгө келип кызды издей башташкан. Бир кезде кыз бак тараптан ыйлап, кыйналып басып келгенин, эмне болду деп сураган кезде бир бала бакта ага тийишкенин айтып берген. Алар ал баланы таап эмне кылганын сураганда мас абалда бир топ сөздөрдү айтып качканга аракет кылган. Анан милиция кызматкерлерине кайрылкан.

 

Өкүм

Тергөө органы тарабынан жабырлануучуга соттук-медициналык экспертиза дайындалып, жыйынтыгында кыз зордукталганын, кыздык белгиси айрылып бузулганын, денесине алган жараат окуя болгон учурга дал келгенин көрсөткөн. Ошондой эле соттук-биологиялык экспертиза дагы дайындалып, анда жабырлануучу кыздын шымынан кан жана эркектик урук табылган.

Ал эми айыпталуучуга соттук-психиатриялык экспертиза дайындалып, ал кылмыш жасаган учурунда “акыл-ээси соо” экендиги аныкталган. Жыйынтыгында Ноокат райондук соту айыпталуучуну 164-беренеси “зордуктоо” менен күнөөлүү деп таап, өмүр бою эркинен ажыраткан.