Бүгүн, 19-декабрда Бишкекте Улан кичи районуна жакын жайгашкан Ахунбаев көчөсүндөгү имараттан өрт чыкты. Окуянын видеотасмасы социалдык тармактарга жарыяланды.

Жакын жерде май куюучу жайы жайгашкан. Милиция аймакты курчоого алган.

ӨКМдин алдын ала маалыматы боюнча, С.Каралаев менен И.Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан сервистик тейлөө борборунан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Жалпысынан өрттү өчүрүүгө үч өрт өчүрүү тобу тартылган.

Өрттөн жабыркаган 3 адам №4 шаардык ооруканага жеткирилди.