Улуттук адабият күнүнө карата «Данакер Лингво» маданий-илимий коомдук бирикмеси тарабынан уюштурулган «Залкарлар биздин туубуз» аттуу ыр сынак аяктап, калыстар тобунун кароосунан өттү. Бул тууралуу «Данакер Лингво» маданий-илимий коомдук бирикмесинин жетекчиси Кундуз Исмаилова билдирди. Маалыматка ылайык Жобого ылайык калыстар тобу төмөндөгүдөй чечим кабыл алышты:
Баш байге Жуса Касиетов «Алтын калем» төш белгиси.
1-орун – Бакытбек Жунусалиев Диплом.
2-орун – Клара Ниязова Ардак Грамота.
3-орун – Азиз Камчыбеков Грамота.
Ошондой эле мыкты чыгармалар менен чеберчилик көрсөтүшкөндүгү үчүн төмөнкү конкурсанттарга ыраазычылык кат тапшырылат:
1. Бурул Догдурбекова;
2. Абдиллабек Авазов;
3. Бекжан Курманбеков;
4. Жалгас Элимгазы уулу.
Жалпы жеңүүчүлөрдү ийгиликтери менен куттуктайм. Ал эми калган сынактын катышуучуларына ыраазычылык билдирүү менен кийинки сынакта ийгилик жаратуусуна тилектештигимди билдирем.
Ал эми калыстыгы как жарган комиссиянын курамына;
Нурлан Кимбилди (төрага)
Жылдыз Алишерова
Азим Сатымкуловдорго ыраазычылык жана алкыш айтам.
Уюткулуу кыргыз элинин залкар таланттары түбөлүк жашайт.
Кирип келе жаткан жаңы жыл ийгиликтин, бейкуттуктун жылы болсун. Жаңы жылыңыздар менен!
Баарыңыздарды терең урматтоо менен «Данакер Лингво» маданий-илимий коомдук бирикмесинин жетекчиси Кундуз Исмаилова — деп жазган билдирүүдө.