Ош облусунун аймагында ок атуучу куралдарга уруксат берүү убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматынан билдирди.

Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда өтүүчү шайлоо өнөктүгү жүрүп жаткан учурда, коомдук тартипти камсыздоо жана укук бузууларды болтурбоо максатында Кыргыз Республикасынын ИИМдин 11.12.2020-жылдагы буйругуна ылайык Ош ОИИБдин коомдук коопсуздук кызматынын лицензия берүү тобунун кызматкерлери жана жер-жерлердеги ИИОнун милициянын аймактык тескөөчүлөрү менен биргеликте каттоодо турган ок атуучу куралы бар жарандарды, жеке-күзөт агенттиктерин жана жардыруучу заттарды сактаган мекемелерди текшерүү иштери жүргүзүп жатышат. Бүгүнкү күнгө карата Ош облусунун аймагындагы 552 мергенчиликти сүйүүчүлөр, 61 өзүн-өзү коргоого багытталган газ-жарат келтирүүчү куралдын ээлери, 7 жеке-күзөт агенттиги, 2 жардыруучу заттарды сактаган мекеме жана 2 курал сатуучу дүкөн текшерилди.

Текшерүүнүн жүрүшүндө ок атуучу куралды сактоо эрежесин жана каттоо мөөнөтүн бузгандыгы үчүн 39 жаранга протоколдор түзүлдү. Мындан сырткары мыйзамсыз сакталган 1 даана сайлуу ок атуучу курал алынып КЖБРге катталып азыркы учурда сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлүп жатат. Шайлоо өнөктүгү жүрүп жаткан учурда, коомдук тартипти камсыздоо жана укук бузууларды болтурбоо максатында Ош облусунун жарандарына ок атуучу куралды сатып алууга уруксат кагаздарын берүү 2020-жылдын 15-декабрынан тартып өзүнчө буюрмага чейин токтотулду. Ал эми ок атуучу куралдарды жана ок дарыларды сатуучу аңчылык дүкөндөр 2020-жылдын 20-декабрынан тартып ишин токтотту.