Казакстандык спортчу Сабина Алтынбекова өзүнүн Instagram баракчасына турмушка чыкканын жазды. «Мен быйыл жылды мыкты адамдын жубайы статусунда жыйынтыктап жатам» — деген билдирүү калтырып, күйөөсү экөөнүн сүрөтүн койгон. Жарыяланган сүрөттө караганда,  Алтынбекова менен анын күйөөсү мечитте нике кыйдыруу үлпөтүн өткөрүшкөн.

Эскерте кетсек, 24 жаштагы Сабина Алтынбекова мындан алты жыл мурун жылдызга айланган. 2014-жылы Тайбэйде өткөн Азия чемпионатында Казакстандын өспүрүмдөр курама командасында ойногон. Жергиликтүү күйөрмандар жана ММКлар кыздын сырткы көрүнүшүнө суктанып, ал Азияда популярдуу болуп кетти. Ал «Алматы» волейбол клубунда ойноп, андан кийин Япония, Бириккен Араб Эмираттары жана Италия командаларында күчүн сынап көргөн. 2020-жылы күзүндө казакстандык ММА мушкери Куат Хамитов Алтынбековага турмушка чыгууну каалаганын айткан.